* Мындан 377 жыл мурун, 1638-жылы атактуу америкалык Гарвард университетинин түптөлүшүнө зор салым кошкон англиялык миссионер Жон Гарвард 30 жашында каза болгон.
Жон Гарвард 1607-жылы 26-ноябрда Лондондо төрөлүп-өскөн. 4 бир туугандын төртүнчүсү болгон. Өзүнүн атасы директор болуп эмгектенген мектепти аяктап, колледжге тапшырып, бакалавр даражасын алганга жетишкен.
1637-жылы Жон Жаңы Англияга (АКШнын түндүк-чыгышы) көчүп кетип, Бостондо отурукташып, чиркөө кызматкерине айланат. Көп өтпөй кургак учук оорусуна чалдыгып, 1638-жылы катуу оорудан каза болгон. Жон Гарвард балалуу болбогондуктан, каза болордун алдында 779 фунтту (мурасынын жарымы) жана 400 даана китепти 1636-жылы негизделген колледжге таштаган. Бул жардамы үчүн ыраазы болгон ал окуу жайдын башкармалыгы колледжге Жон Гарварддын ысымын ыйгарган.

* Мындан 50 жыл мурун, 1965-жылы Орусиянын 3-президенти
Дмитрий Медведев Ленинградда мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Бир үйдүн жалгыз баласы болгон. Үй-бүлөдө жалгыз бала болгон Дмитрий 1987-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1990-жылы ошол эле университеттин аспирантурасын аяктаган.
Эмгек жолу Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде атуулдук укук боюнча кафедрасында окутуучу болуудан башталган. Ошондой эле РФнын Президентинин администрация башчысынын орун басары, анан ошол эле жерде биринчи орун басар, кийин "Гаспром" ишканасынын жетекчилигинде иштеп, 2003-жылы РФнын Президентинин администрация жетекчилигине дайындалган. 2005-жылы ноябрда РФнын Өкмөт башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп, 2008-жылы 2-мартта РФнын Президенти болуп шайланган. Президенттик мөөнөтү 2012-жылдын 7-майында аяктап, 2012-жылдын 8-майынан тартып Орусиянын өкмөт башчысы болуп ишин уланткан.

* Мындан 32 жыл мурун, 1983-жылы англиялык ырчы, музыканын R&B, соул, жаз жанрларында ырдаган
Эми Уайнхаус Лондондо төрөлгөн. Ырчынын экинчи "Back to Black" аталыштагы альбому 6 "Грэмми" сыйлыгына татып, Эми Уайнхаус "Гиннесстин рекорддор китебине" эң көп "Грэмми" сыйлыгын алган биринчи жана жалгыз англиялык ырчы катары киргизилген. 2011-жылы 23-июлда ырчы Эми Уайнхаустун жансыз денеси Лондондогу үйүнөн табылган. 27 жаштагы Эми Уайнхаус баңгизатын көп өлчөмдө колдонгондугунун натыйжасында каза тапканы айтылган.

* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы америкалык актёр, бийчи жана аткаруучу
Патрик Суэйзи 57 жашында оорудан улам көз жумган. Патрик Суэйзи 1952-жылы 18-августта АКШнын Техас штатындагы Хьюстон шаарында туулган. Ал "Грязные танцы" (1987), "Привидение" (1990), "На гребне волны" (1991) тасмаларындагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен. Андан сырткары актёр "Зверь", "Копи царя Соломона", "Последний танец", "Чёрный пёс", "Отчаянный папа", "Город удовольствий" ж.б. тасмаларына тартылган. Ал эми 1991-жылы америкалык "People" журналы Патрик Суэйзини "Жылдын сексуалдуу мырзасы" деп атаган.