ЭЛДИК КАБАР: Алматыдан Бишкекке учуп келе жаткан Боинг-757 учагы конорго бир нече секунда калганда чукул бийиктөөгө аргасыз болду

Алматыдан Бишкекке учуп келе жаткан Боинг-757 учагы конорго бир нече секунда калганда чукул бийиктөөгө аргасыз болду. Бул тууралуу 11-сентябрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди. Күтүүсүз окуяны учактын командири конуу тилкесинде белгисиз унаанын пайда болушу менен түшүндүргөн. Чукул кайра көтөрүлгөн учак айланып, бир нече мүнөттөн кийин ийгиликтүү конгону айтылды.
"Жүздөн ашык жүргүнчүнү аман-эсен жеткирген "Эйр Астана" авиакомпаниясынын учкучуна баракелде!"- деп жазат окуяга күбө болгон жүргүнчү. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bosmos777
2015-09-11 20:46:19
Бар болсун! Бодо кырсыктан сактасын!
+3
beka123
2015-09-11 21:17:56
Кудай озу сактасын кырсыктан!! Мен да бугун дубайдан бишкеке учамын. Инш Аллах
+1
Kanatbek.amirov
2015-09-11 21:41:53
Кудайым сактайым десе ушунтип эле сактап калат
+1
tynych88
2015-09-11 21:51:55
аллахым озу сактайт деген ушуда
+2
Bek94
2015-09-11 22:04:06
Азамат баракелде аман эсен конуп алыптыр
+1
altynaiB
2015-09-12 00:48:50
Акыркы кездердеги учактардын кыйроолору журокту титиретет. Аман эсен конуп алганына Кудайга шугур.
+1
moskyrsat
2015-09-12 02:08:14
Оооо аягы жакшылык менен бутуптур кудайга шугур
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан