12-сентябрда Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кегети айылында "Бир бол" партиясынын лидерлери эл менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу кыргыздын улуттук ат оюндары жана чабандестердин өнөрлөрүн көрсөтүү менен коштолду. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, шайлоочулардын алдына Мыктыбек Абдылдаев, Марат Султанов, Алтынбек Сулайманов, Аскарбек Шадиев, Жаныбек Бакчиев, Акылбек Жапаров, Бакирдин Субанбеков, Чолпон Жакупова, Улугбек Ормонов, Нурлан Койчубаков, Бакыт Есенбаева, Кубанычбек Туманов, Дамир Өскөнбаев, Казыбек Кадралиев, Мураталы Жаманбаев, Марс Саккараев жана башка талапкерлер чыгышты.
Чүйдүн чыгаан уулу, убагында ички иштер министри, башкы прокурор болгон Мыктыбек Абдылдаев мамлекет үчүн коопсуздук маселеси эбегейсиз зор мааниге ээ экенин белгиледи. "Эгер мамлекетибиздин коопсуздугун сактай албасак, миңдеген жылдар мекенин сактап келген ата-бабалардын алдында жоопкерчилигибиз эмне болот?"- деген Абдылдаев кыргыз жеринде жашаган бардык улуттардын ынтымагы мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн өзөгү экенин айтып, шайлоочуларды "Бир бол" партиясын, профессионалдар командасын колдоп берүүгө чакырды.
"Ушул жерде кыргыздын ата салтын улап, ат оюндарына күбө болуп отурабыз",- деген Алтынбек Сулайманов элдин колдоосу менен шайлоодо ийгиликке жетерине ишеничи зор экенин айтты. "Ат чуркабайт - бак чуркайт, кат чуркабайт - бат чуркайт" деп кыргыздын макалын шайлоо жарышына салыштырганы айтылды. Сөзүнүн соңунда шайлоого аттанган балдарга калың элдин батасын тилеп, өз кезегинде алар да убада кылган сөздөрүн аткарууга, моюнга арткан эл жүгүн көтөрүүгө даяр экенин билдирди.
"Биздин партиянын максаты - элдин турмушун оңдоо, болгондо да карапайым элдин турмушун оңдоо",- дейт талапкер Марат Султанов. Талапкердин айтымында, Чүй өрөөнү кызылча менен атактуу. Убагында кызылча өндүрүүнү жандандырууга аракет болгондо, кайсы бир күчтөр бут тосууларды жасап, Кыргызстан жылына 80-90 миллион доллар сырткы өндүрүүчүлөргө төлөөгө мажбур болгонун айтты. "Эгер кайра кызылчаны өстүрүп, иштетсек, канчалаган эл жумуш менен камсыз болмок, канчалаган эл бакубат жашап калмак",- деди Султанов.
"Чүйдөн чыккан балдарды да дыкат тандап, эки генералыбыз, жаш каржы адиси, экономист-окумуштуулар, Чүйдүн мыктылары да “Бир болдун” тизмеси менен баратышат. Элибиздин колдоосу болсо, көптөгөн маселелерди чечүү милдетин колго алабыз",- деди Акылбек Жапаров.
Жолугушуу соңунда айыл аксакалдары "Бир бол" партиясынын лидерлерине бата беришип, колдой тургандарын билдиришкени айтылат маалыматта.
Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.