Евросоюз Орусияга каршы санкцияларды 2016-жылдын мартына чейин узартууну жактырды. Орусиялык маалымат булактарынын билдиришинче, чечим Жалпы иштер боюнча кеңештин жыйынында кабыл алынды. Европалык чиновниктер Украинанын бүтүндүгүнө доо кетирүүгө катыштыгы бар деп эсептеген орусиялык жеке жана юридикалык жактарды чектөө улантылары айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын башында Евробиримдик, АКШ жана бир нече батыш өлкөлөрү Орусия Крымды өз курамына кошкондон кийин Орусияга каршы санкцияларды киргизе башташкан. Бүгүнкү күнгө чейин санкциялар бир канча жолу кеңейтилген.