Шайлоо-2015. “Бир бол”: "Биз парламентке келсек, өкмөттүн курамын түзүп, экономиканы көтөрөбүз"

13-сентябрда “Бир бол” партиясынын шайлоо алдындагы жолугушуусуна келген эл Кара-Балта шаарынын “Манас” стадионуна жык толду. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, чогулгандардын алдына Мыктыбек Абдылдаев, Алтынбек Сулайманов, Бакирдин Субанбеков, Акылбек Жапаров, Аскарбек Шадиев, Чолпон Жакупова, Жаныбек Бакчиев, Игорь Чудинов, Дамир Өскөнбаев, Нурлан Койчубаков, Марат Сейитбаевич Султанов, Кубанычбек Туманов, Казыбек Кадралиев, Алымбек Турмалиев, Мирлан Садыков, Алмаз Ахматов, Марс Саккараевдер чыгып сөз сүйлөштү.

Аскарбек Шадиев генерал Бакирдин Субанбеков менен бир партияда шайлоого аттанганына сыймыктанарын белгиледи. "Бакирдин Жамаловичти колдоп берсеңиздер, Кара-Балта шаары мурдагыдай дүңгүрөйт, Панфилов, Жайыл райондору Советтер Союзу учурундагыдай оңолот, себеби биздин генералдын элге кызмат кылам деген дымагы абдан күчтүү",- деп билдирди Шадиев.

Мыктыбек Абдылдаев эгер партия бийликке келсе, колдогон элди уят кылбай, болгон күч-аракетин биринчи кезекте карапайым элдин турмушун жакшыртууга жумшай турганын айтты.

"Буюрса, сиздердин колдооңуздар менен парламентке келсек, экономикабызды, аймактарыбызды көтөрүп, дүйнөдөгү ордубузду таап, күчтүү мамлекет болобуз. Сиздердин колдоо менен өкмөттүн курамын түзүп, ички жана тышкы саясатты туура алып барганга, мамлекеттин жүгүн көтөргөнгө биз даярбыз. Сиздер менен биз бир бололу, бар бололу, Кыргызстаныбыз үчүн күчүбүздү аябайлы!"- деди Абдылдаев.

"Чүйдөн чыккан балдарды да кылдат тандап, эки генералыбызды баш кылып, жаш каржы адистерин, экономист-окумуштууларды төш кылып Чүйдүн мыктылары да “Бир болдун” тизмеси менен баратышат. Элибиздин колдоосу болсо, көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү милдетин колго алабыз",- деди Акылбек Жапаров.

Дагы бир талапкер, белгилүү укук коргоочу Чолпон Жакупова“Мен депутаттыкка алгачкы жолу аттанып жатам. Албетте, өз ишимди кылып жүрө берсем болмок, бирок кырдаал күндөн-күнгө оорлоп, карапайым эл өзүн-өзү коргой албай, чоң жолдогу каракчыдан эмес, погончон адамдардан коркуп калган учур келди. Түзүлгөн системди түп-тамырынан өзгөртүү зарыл, ал эми "Бир бол" саясий партиясынын программасында укук коргоо органдарын, сот системин, прокуратураны өзгөртүүгө багытталган бүтүндөй блок жазылган",- деп билдиргени айтылат маалыматта.  

Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан