Жылнаама, 15-сентябрь: Мындан 4 жыл мурун коомдук ишмер, журналист Мелис Эшимканов каза болгон

* Мындан 89 жыл мурун, 1926-жылы балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева төрөлгөн. Кыргыз-совет балет жылдызы Бүбүсара Бейшеналиева кээ бир маалымат булактарында 17-майда туулган делинсе, кээ биринде 15-сентябрь деп жазылган. 17-май анын уулу Эрмек Бейшеналиевдин туулган күнү болгондуктан, бул датаны уулунун туулган күнү менен окшоштуруп жаздырып койгон деп айтылат. 
СССРдин Эл артисти, легендарлуу балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Төбө айылында туулган. 1936-1941-жылдары Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) хореографиялык окуу жайында окуган. 1948-1949-жылдары ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айтылуу балет педагогу А.Я.Вагановадан таалим алган. 1941-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти, 1946-жылдан тарта башкы солист болуп иштеген. 1949-жылдан баштап Фрунзедеги (азыркы Бишкек) хореографиялык окуу жайынын педагогу болуп иштеген. 
Бүбүсара Бейшеналиева - кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири. Ал кыргыздын балет өнөрүнүн даңкын көп жерге чыгарган. Ал катышкан "Чолпон" балет-фильми дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө коюлган. Б.Бейшеналиева СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, СССР Жогорку Советинин 6-7-чакырылышынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4-5-чакырылышынын депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган. 
Бүбүсара Бейшеналиева 1973-жылы 11-майда 47 жаш курагында каза болгон.
 
* Мындан 8 жыл мурун, 2007-жылы бүтүндөй өмүрүн актрисалык кесипке арнаган Кыргыз Эл артисти Сабира Күмүшалиева 90 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан. 
Кыргыз жана советтик театр жана кино актрисасы, Кыргыз ССРинин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сабира Күмүшалиева 1917-жылы 19-мартта Бишкек шаарынын Төкөлдөш аймагында туулган. Борбордогу мектепти аяктагандан кийин Фрунзе техникумуна тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн соң, 1932-1934-жылдары башталгыч мектепте мугалим, 1934-жылдан тартып Кыргыз драма театрында актриса болуп эмгектенген. Өзүнүн 75 жылдык жашоосун театр, киного арнап, кыргыз жана казак фильмдеринде, спектаклдерде жүздөн ашык ролдорду жараткан.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы көрүнүктүү коомдук ишмер, атактуу журналист, ЖКнын экс-депутаты, КТРКнын экс-башчысы Мелис Эшимканов Бишкектеги жеке менчик "Камэк" ооруканасында саат 15:00дө 48 жашында жүрөгү токтоп каза болгон. 
Мелис Эшимканов 1962-жылы 9-декабрда Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында туулган. 1985-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Журналисттик эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Теле жана радио боюнча мамлекеттик комитетинин Жаштар редакциясынан баштаган.
* Мындан 17 жыл мурун, 1998-жылы "Google" сайты иштей баштаган. 1996-жылы АКШдагы Стэнфорд университети­нин студенттери Сергей Брин менен Лэрри Пейж окууну жеңилдетүү максатында маалымат издөө системин ойлоп табышып, аны "BackRub" деп аташат. Алар өздөрү жашаган жатакананын бөлмөсүн кеңсеге айландырып, ойлоп табуусун өнүктүрүү үчүн катуу ишке киришишет. Буга тажрыйбасы бар белгилүү "Yahoo!" издөө системинин негиздөөчүсү Дэвид Фило жардам берет. Ошентип, 1998-жылы түптөлгөн издөө системин "Google" деп аташат. "Google" деген сөз англис тилинен которгондо "10дун артынан ээрчиген 100 нөлү бар сан" дегенди билдирет. Минтип атоо "маалыматты ошондой кенен масштабда табууга мүмкүн" дегенди түшүндүрөт.
15-сентябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан