"Түндүк электрдин" абоненттеринин карызы учурда 459 миллион сом

Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2015-жылдын 1-сентябрына карата "Түндүк электрдин" абоненттеринин карызы 459 миллион 700 миң сом экенин билдирди. Карыз былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 136 миллион 700 миң сомго же 23 пайызга кыскарганы айтылат маалыматта. "Бишкектин абоненттеринин карызы жыл башынан бери 2,1 пайызга, Чүй облусунун абоненттеринин карызы 37,2 пайызга, таластык абоненттердин карызы 21,2 миллион сомго кыскартылды",- деп айтылат маалыматта.  
Министрлик быйыл өлкө эгемендик алгандан бери биринчи жолу Бишкек ЖЭБи көмүр жана мазут менен 100 пайыз камсыздаларын, учурда ЖЭБде 243 тонна көмүр бар экени, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 эсеге көп экенин билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан