ЭЛДИК КАБАР: Ош - Кара-Cуу унаа жолунда 6-класстын окуучусу унааны башкара албай калып кырсыкка кабылды

Ош - Кара-Cуу унаа жолунда 6-класстын окуучусу унаа айдап бара жатып кырсыкка кабылды. Бул тууралуу 15-сентябрда окуяга күбө болгон окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу кабарлады. 
Анын айтымында, окуучу бала Мерседес автоунаасын башкара албай калып, жолдон чыгып кеткен. Баланын ден соолугуна зыян келтирилбегенин кошумчалады. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Gulnazz93
2015-09-15 11:36:53
6класс тын окуучусуна балее барбы машина айдап
+8
deva
2015-09-15 11:38:43
Сурабай айдап кеткен го э? Атасынан таяк жейт экен да эми. Ошентсе да кыйын бала экен, 40ка жакындаган мен рулга алаңдап араң отуруп, машинасы жок көчөгө айдап келип токтотуп коюп жатам го
+4
baba.
2015-09-15 11:47:29
Кырсык каш кабактын ортосунда деген.Бейкуноо бала да.Атасына рахмат машинасын берген.
+1
karona
2015-09-15 20:52:12
baba., кайдагы рахмат, мындан кийин бергис болот да
0
anyaza
2015-09-15 12:26:12
Кудай сактаптыр,карама каршы унаа жок экен.
0
kilim
2015-09-15 12:46:09
ата енеге баш бербесе бекерда озуну озу билип отугун торго илген заман болуп калдыго
+3
kama_future_millioner
2015-09-15 12:51:36
6 класстын окуучусуна балее барбы машина айдап ата энеси эмне кылып журөт
+1
tynara81
2015-09-15 13:05:16
6- класстын окуучусу машина мингенди кайдан үйрөндү, атасы үйрөтсө керек да. 10-11 де отургузсаңар да жетет рулга балдарды.
0
tynara81
2015-09-15 13:07:03
Дагы кудай сактаптыр, сак- аман экен.
0
maks94.kb
2015-09-15 13:08:56
6 класстын окуучусу сабагын окуубайбы балее барбы машине айдап ата энеси да кызык жандар экен жаш балага унааны берип койгон
+1
bolotbai
2015-09-15 13:18:18
Атасы ошол жерде журот суйунуп,дагы жакшы каршы келе жаткан машине жок экен деп.Жана да жанында эки ача электр столбасынан кудай сактаптыр бир метр алыстан отуп кетиптир дейт.Жолдун четинде турган арчалардын экоосун сузуп минип откон экен ошолор бир аз ылдамдыгын кармап калган го,болбосо ким билет кандай жагдай жаралмак.Негизи ата энелер этият болгула,мектеп окуучусуна машине бербей.
+3
Parish
2015-09-15 13:48:13
Ата энелер ушундай жаш балдарга
машиналарын бербей эле койсо.
+1
janko1
2015-09-15 18:58:43
Иий десе Кудай сактаптыр. Рульда отурганыма коп болсо деле Кудайлап айдайм. Баары бир аял заты назик жана коркок болот эмеспизби))))))))))
0
Biinura
2015-09-15 19:15:29
Башкысы аман экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан