14-сентябрь күнү Таш-Көмүр шаарындагы 100гө чукул соодагер базардагы орундары үчүн төлөмдүн жогорулап кеткенинен улам мэриянын алдына нааразычылыгын билдирип чыккан. Соодагерлер нааразычылыгын бүгүн да улантуу үчүн мэриянын алдына келишкенин 15-сентябрда окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу билдирди.
Алар ар бир орун үчүн ай сайын 500 сомдон төлөп келишсе, сентябрь айынан тартып 1600 сомдон төлөөгө милдеттендирилген. Бирок буга нааразы болуп, төлөмдүн баасын ылдыйлатуу талабын коюшууда.
Алар кечээ шаар мэри Ислам Масабиров жолугуп, бирок маселени оң жагына чече алышкан эмес.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.