Депутат Курмантай Абдиев "мени 70 миң сом айлык алат деген жалган" дейт

"Мени 70 миң сом айлык алат экен" деген сөз жалган",- дейт ЖКнын депутаты Курмантай Абдиев. "Учурда депутаттын орточо айлыгы 25 миң сом. Айрым депутаттар 18-19 миң айлык алса, кээ бир өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, эмгек тажрыйбасы көптөр 40 миң сомдун тегерегинде айлык алат. Мен деле 40 миң сом айлык алам",- дейт эл өкүлү. Ал ошондой эле депутаттардын минип жүргөн унаасы тууралуу төмөнкүдөй оюн билдирди. "Учурда "депутаттар жалаң кымбат баалуу Жип минип жүрүшөт",- деген туура эмес ойлор бар. Парламент депутаттарына бөлүнгөн бир да Жип унаасы жок, Тойота Камри унаасы берилген. Ал эми Жиптер депутаттардын өзүнүн жеке менчик унаалары. Алар ошол өздөрүнүн унааларында жүрүшөт, ЖКнын унаасын минип бензин коротпой, өз унаасында жүрсө да, аларга ыраазычылык айткандын ордуна "Жип минип жүрөт" деп жаман көрүшөт",- дейт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан