Бакыт Төрөбаев баш болгон “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын мүчөлөрүнүн Нарын шаарында болгон үгүт сапарында таза суу көйгөйү көтөрүлдү. Анткени аталган өрөөндө элдин көпчүлүгү шор суу ичишери, мунун айынан бөйрөк оорусуна чалдыккандар көп экенин билдирет партиянын маалымат кызматы. Сугат иштеринде да көйгөйлөрдүн молдугу, дыйкандар жерлерин "Кумтөр" аркылуу агып келген уулуу суу менен сугарышары айтылды.
Натыйжада мээнет менен өстүргөн эгиндер жабыркап, жокко чыгарылары айтылып, партия мүчөлөрү дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын, мөңгүлөрдүн, жер астындагы суулардын жана коллектордук-дренаждык тармактын экологиялык абалын калыбына келтирүү, сактоо жана жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүү "Өнүгүү-Прогресстин" программасында бар экенин билдиришип, абалдан чыгуу жолдоруна токтолушту.
“Биз айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылуу процесстерин өз колубузга алабыз жана санитардык маданият деңгээлин көтөрөбүз деп өз программабызда айткандай, таза суу көйгөйүнүн чечилишине аракет кылабыз. Биз суу маселесин улуттук идеологиябыздын ажырагыс бөлүгүнө айландырабыз жана анын негизинде суу ресурстарын кантип сарамжалдуу жана ич ара ийкемдүү пайдалануу боюнча жаңы концепция иштеп чыгабыз. Булак, өзөндөрдөн, тоо дайраларынан канал, суу сактагыч жана көлдөргө чейин бүт баарысы – Кыргызстандын баа жеткис байлыгы. Суунун өлкөсүндө жашап туруп мындай көйгөйлөргө жол бербешибиз керек”,- деди Бакыт Төрөбаев.
Көмүр кени өздөрүндө экенине карабастан, аймактын эли аны кымбат баада сатып алышары белгиленди. Партия төрагасы эл тарабынан айтылган көйгөйлөрдү тыңдап угуп, бул боюнча көп жылдардан бери аракеттер көрүлүп келе жатканын билдирди. Нарын эли берген суроолоруна канааттандырган жоопторду алып, партиянын элет элинин турмушун көтөрүү аракеттерине ыраазычылыктарын билдирүү менен узатышканы айтылат маалыматта.
Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.