Бүгүн, 15-сентябрдагы маалымат жыйынында Улуттук банктын Акча-насыялар операциялары боюнча башкармалыгынын жетекчиси
Раушан Сейткасымова күн сайын өсүп жаткан доллардын курсу боюнча алдыдагы божомолдор тууралуу суроого:
"Кыргыз Республикасындагы валюта курсу өзгөрмөлүү режимде болгондуктан, Улуттук банк үчүн алдыдагы божомолдорду айтуу кыйын",- деп жооп берди.
Р.Сейткасымованын билдирүүсү боюнча, Улуттук банктын алдында эки жол бар: кыргыз сомун колдонуп, бекемдөө же девальвацияга баруу. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү девальвациялык кадамга барганына токтолуп, жыл башынан бери евро 6 пайызын, Канада доллары 14 пайызын, Азербайжан 30 пайызын, Кытай 3 пайызын жоготконун кошумчалады. "Бирдиктүү валюта тууралуу да пикирлер айтылууда. Бирок бирдиктүү валютага өтөрдөн мурун өзүбүздүн сомду колдонгон оң",- деди ал.
Долларды көзөмөлдөө үчүн интервенцияны колдонуу боюнча: "Валютанын туруктуулугуна Улуттук банк жалаң эле интервенцияны колдонбойт. Бул туруктуулукту сактоодогу жолдордун бири гана",- деди Сейткасымова.
Валюта интервенциясы - борбордук банктын өлкөдөгү валюта курсуна, валюта рыногуна таасир бере турган кадамы. Ири өлчөмдөгү чет элдик валютаны сатып алуу же сатуу аркылуу ишке ашат. Валюта интервенциясы чет элдик акчалардын курсун көзөмөлдөө үчүн киргизилет.