
* Мындан 104 жыл мурун, 1911-жылы акын, драматург
Кубанычбек Маликов Кыргыз ССРинин Аламүдүн районундагы Үч-Эмчек айылында туулган. Ал 1931-жылы Фрунзедеги педтехникумга кирген. Эмгек жолун 1926-жылы "Эркин-Тоо" гезитинин Фрунзе облусу боюнча кабарчысы болуп иштөөдөн баштаган. Кубанычбек Маликовдун "Жазгы кош айдоо" деген биринчи ыры 1928-жылы "Эркин-Тоо" гезитине басылып, 1931-жылы "Теңдик курманы" аттуу пьесасы өзүнчө китеп болуп чыккан.

* Мындан 107 жыл мурун, 1908-жылы америкалык ишкер Уильям Дюрант тарабынан дүйнөдөгү ири автоунаалар корпорацияларынын бири
"General Motors" негизделген. Ал дүйнөдөгү автомобиль жасоо жагынан япониялык "Toyota`дан" кийинки экинчи ишкана болгон. Компаниянын чыгарган Cadillac, Buick үлгүсүндөгү автоунаалары АКШнын улуттук сыймыгына айланган. "General Motors" 2009-жылы 1-июнда банкрот болгондугу жөнүндө Ак үйгө расмий түрдө арыз берип, ал АКШ өнөр жайынын тарыхында банкротко учуроонун эң ири окуясы болуп калган.

* Мындан 88 жыл мурун, 1927-жылы "Коломбо" телесериалындагы ролу менен таанылган америкалык актёр
Питер Фальк Нью-Йоркто туулуп, 2011-жылы 23-июнда оорудан улам 83 жашында каза болгон. Актёрго атактуулук алып келген "Коломбо" сериалына 1968-жылдан 2003-жылга чейин тартылган. "Эмми" сыйлыгынын 5 жолку, "Алтын глобус" сыйлыгын ээси Питер Фальк жалпысынан 107 тасма жана сериалдарда роль жараткан.

* Мындан 59 жыл мурун, 1956-жылы америкалык фокус чебери жана иллюзионист
Дэвид Копперфильд АКШнын Нью-Жерси штатындагы Метачен шаарында туулган. Дэвид Копперфильд 18 жашында телевидениеге чакырылып, “Дэвид Копперфильддин сыйкыры” аттуу берүүнү алып барган. Белгилүү болуп калганда CBS телеканалынан чыга баштаган.
Анын чоң иллюзияларынын алгачкысы учактын жок болуп кетиши болгон. Андан кийин элдин көз алдында "Эркиндик" эстелигин жогото алган. Ошондой эле Аризона штатындагы Чоң Каньон аркылуу учуп өтүү, Улуу Кытай дубалдарынын арасынан өтүү, дүйнөдөгү эң катаал Алькатраса түрмөсүнөн качуу, Бермуд үч бурчтугуна саякаттоо, жарылып жаткан имараттан качып чыгуу, Ниагара шаркыратмасынан өзүн таштоо, көрүмчүлөр мекендеген үйдү изилдөө жана күйүп турган отто жашоо сыяктуу иллюзияларды аткарып элди таң калтырган.

* Мындан 19 жыл мурун, 1996-жылы канадалык жана америкалык режиссёр Жеймс Кэмерондун
“Титаник” тасмасы тартыла баштаган. 7 айдын ичинде тартылып бүткөн тасманын жалпы бюджети 200 миллион долларга чыгып кеткендигине байланыштуу акчасы жетпей бараткан “20th Century Fox” компаниясы өзүнүн атаандашы “Paramount Pictures” компаниясынан кошумча тыйын алууга мажбур болгон. Мындай жардамы үчүн “Paramount Pictures” тасманы Түштүк Америкада жайылтуу акысына ээ болгон.
Кинокомпаниянын жетекчилери тасманын дээрлик 3 сааттан ашык созуларын көргөндө аны кыскартып, бир аз да болсо акча үнөмдөөнү сунушташкан. Бирок Кэмерон алардын сөзүнө көнгөн эмес. Тасманын бизге жеткен акыркы варианты 194 мүнөт. Анын бет ачары 1997-жылы 1-ноябрда Токио шаарындагы Эл аралык кинофестивалда болуп өткөн.