Президент: "Добушуңарды арак менен бешбармакка сатпагыла!"

Бүгүн, 16-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Исфана шаарын таза суу менен камсыз кылуучу кампалардын ачылышына катышууда. Мамлекет башчы бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп, шаар тургундарын куттуктап өттү. “Кыргыз элинде "жамандыкты амандык жеңет" деп айтылат. Эгерде ынтымак болсо, бийлик таза болсо, ушундай жакшылыктар болот. 
Баткендеги курулуп жаткан жолдун абалын көрүү үчүн атайын келдим. Жол курулуп жатат. Бир учурда буга да ишенүү кыйын болчу. Исфанадан Ошко чейин 2007-жылы жол тандабас менен келгенде эле дөңгөлөктөрү жарылчу. "Лейлек өнүкпөй жатат" дегенде, мен "жол жаман болсо кайдан өнүкмөк эле..." деп келчүмүн. Жол деген кан тамыр сыяктуу маанилүү",- деди президент.
"Баткен эле эмес, бүт кыргыз жери жарыкты Казакстан, Өзбекстан аркылуу алчубуз. Аларга миллиондогон долларларды төлөп берчүбүз. Азыр өзүбүзүн энергоалкакты куруп алдык. Азыр коңшу мамлекеттер алкак чогуу болсун деп суранышууда. Жол маселеси да ушундай. Бир айылдан бир айылга Өзбекстан Тажикстандын жерлери менен өтчү. Эми мындай көрүнүштөр келерки жылы токтойт. Жалдыраган Кыргыз Республикасы артта калды. 
Албетте, эң негизги таяна турган нерсе - элибиздин ынтымагы. Эч качан адамды баш кийимине карап бөлбөш керек. 2010-жылы Ошто эл сепаратисттерди ээрчип, канчалаган адам өтүп кетти... 
Кечээ Тажикстандын президенти менен сүйлөштүм. Азыр болбогон маселе үчүн атканга жетип жатышат. Мындай болбош керек. Кыргыз өлкөсү өнүгүү жолунан мындан ары кайтпайт. Кудай буюрса, баары жакшы болот. Эң башкысы, кыргыз жериндеги улуттардын ынтымагын сакташ керек. Хадистердин биринде "Улутуң ким?" десе, "мусулман" деп жооп берген. Куранда "иудей, мусулман, христиандар - баарыбыз китептин адамдарыбыз" деп айтылган. 
Буга чейин биздин долбоорлорго ишенбей келгендер эми көрүшсүн.
4-октябрда бийликти өзүңөр шайлаганы турасыңар. Таза өтөт деп ишенем. Азыр шайланган парламент кийин өкмөттү шайлайт. Ууруларды шайласаңар, кийин алар ууруларды тандашат. Соцфонд чогултуп жаткан төлөмдөрдүн 1 пайызы дыйкандардан келет. Ошол эле убакта айыл жергесинде 60 пайыз эл пенсия алат. Муну да унутпагыла. Добушуңарды аракка бербей, бешбармакка бербей, келечегиңерди ойлонгула. Ынтымакта жашагыла. Жамандыкты амандык жеңет",- деди Алмазбек Атамбаев.    


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан