ЭЛДИК КАБАР: Аксыда 8 гектарга жакын жер күйүп кетти

Аксы районунун Үч-Коргон - Кербен унаа жолуна жакын жайгашкан Жети-Загара аймагында өрт чыкты. Анын кесепетинен аталган аймакты өздөштүрүү үчүн тартылган полиэтилен суу түтүктөрү да жарактан чыкканын окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу 16-сентябрда билдирди. 
Окурмандын айтымында, өрт 15-сентябрь күнү саат 16:00 чамасында чыккан. "Күбөлөр аталган жерге өрттү өзбек чек арачылары коюшканын айтышууда. Анткени андан бир аз убакыт мурун үч өзбек чек арачысы ошол жактан иттерин ээрчитип өткөн экен. Өрт күчөп баратканда кыргыз чек арачылары келип өчүрүп калышты",- деди окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bekchoro
2015-09-16 17:13:17
Жарыбагырлар Аллах жазанарды берсин.
+1
novayariga
2015-09-16 19:47:40
Биздин алсыздыгыбыз да. Алардын чек арасына кирип орт коюп чыкмак тугул жакындап кор эмне кылаар экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан