17-сентябрга караган түнү Европадагы эң беделдүү мелдеш УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын быйылкы сезонундагы 1-тур оюндары болуп өттү. Бул күнү “Е”, “F”, “G” жана “H” тайпаларынын өкүлдөрү ойношту. Күндүн башкы окуяларын санап өтсөк, лиганын учурдагы чемпиону “Барселона” конокто “Рома” менен тең ойноп, упай жоготту. Ал эми англиялык “Арсенал” 40-мүнөттө чабуулчу Оливье Жирунун кызыл айып кагазын алып калганына байланыштуу оюнун уттуруп жиберди. Орусиянын өкүлү “Зенит” конокто “Валенсияны” утуп алды.
“Е” тайпасы
“Рома” (Италия) – “Барселона” (Испания) - 1:1
Голдор: Луис Суарес (21-мүнөттө), Алессандро Флоренци (31-мүнөттө)
“Байер” (Германия) - БАТЭ (Беларусь) - 4:1
Голдор: Адмир Мехмеди (4-мүнөттө), Неманья Милунович (13-мүнөттө), Хакан Чалханоглу (47-мүнөттө), Хавьер Эрнандес (59-мүнөттө), Хакан Чалханоглу (76-мүнөттө, пенальти).
“F” тайпасы
“Динамо” (Хорватия) – “Арсенал” (Англия) - 2:1
Голдор: Йосип Пиварич (24-мүнөттө), Хуниор Фернандес (58-мүнөттө), Тео Уолкотт (79-мүнөттө).
“Олимпиакос” (Греция) – “Бавария” (Германия) - 0:3
Голдор: Томас Мюллер (52-мүнөттө), Марио Гётце (89-мүнөттө), Томас Мюллер (92-мүнөттө).
“G” тайпасы
“Динамо” (Украина) – “Порту” (Португалия) - 2:2
Голдор: Олег Гусев (20-мүнөттө), Венсан Абубакар (23-мүнөттө), Венсан Абубакар (81-мүнөттө), Виталий Буяльский (89-мүнөттө).
“Челси” (Англия) – “Маккаби” (Израиль) - 4:0
Голдор: Виллиан (15-мүнөттө), Оскар (45-мүнөттө), Диего Коста (58-мүнөттө), Сеск Фабрегас (78-мүнөттө).
“H” тайпасы
“Валенсия” (Испания) – “Зенит” (Орусия) - 2:3
Голдор: Халк (9-мүнөттө), Халк (45-мүнөттө), Жоау Канселу (55-мүнөттө), Андре Гомеш (73-мүнөттө), Аксель Витсель (76-мүнөттө).
“Гент” (Бельгия) – “Лион” (Франция) - 1:1
Голдор: Кристоф Жалле (58-мүнөттө), Даниел Миличиевич (68-мүнөттө).