ЭЛДИК КАБАР: Москвадагы "Домодедово" аэропортунан Ошко сапар тарткан учак техникалык себептерден кайра конууга аргасыз болду

Москвадагы "Домодедово" аэропортунан 16-сентябрдан 17-сентябрга караган күнү Ошко сапар тарткан учак техникалык себептерден конууга аргасыз болду. Окурман бул тууралуу SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу билдирди. 
"Авиа Траффик" компаниясына таандык болгон Боинг-737 EX-37005 учагы 17-сентябрда саат 00:15те "Домодедово" аэропортунан Москва-Ош KR718 каттамы менен абага көтөрүлүп, бирок 1,5 саат учкандан соң техникалык себептерден улам кайра аталган аэропортко саат 04:00 чамасында конууга аргасыз болду. Учурда жүргүнчүлөр күтүү залында отурушат",- деди окуяга күбө болгон жүргүнчү. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Eli75
2015-09-17 09:53:04
Самолётторду жанылашса жакшы болмок. Откондо ушул авиакомпания менен учуп, бир аз нараазы болдум, колумда которгон кол сумкам 2 килограмм ашыкча жук деп 1000 рубль акча толодум. "Ручной кладь" деп 5 килограмм кошуп койсо, эл да ыраазы болмок.
+4
Meerim-777
2015-09-17 11:27:48
Eli75, эн начар авиа компания коррупция онуккон! Вес жетпей калса дагы хотябы жолун таап акча алганга аракет кылат! Менден сумканын баары откондон кийин перевес 4кило деп калп айтышып 1000р алган! Корсо менде даже не до вес экен! Супер инфо сураныч ушул компания жонундо макала жазсанар жакшы болмок
+2
admin_portal
2015-09-17 11:57:53
Meerim-777, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
0
Nur.88
2015-09-17 09:57:50
Ручной 5кл которгонго болотко, силерден эптеп акча ондуруптур да.
+2
Eli75
2015-09-17 10:15:03
Nur.88, эптеп акча ондуробу бул авиакомпания жоопкерчилигинде. Учуп жаткандардын баары нааразычылык билдирсе, кете бер деп конул болбой коюшту, анан уча албай калгандан коро толоп жатышат да.
0
nurka85
2015-09-17 10:20:11
Оштун аэропортунда созсуз колго алган жугунда да таразага тартып, коп корсоттуп акча алышат. Москвада коп эле жолу ручной жук менен оттум, бир да жолу эч нерсе дешкен эмес. Болбосо бир эмес 2-3сумка менее. Бизде кыргызстанда ач коз болуп бутушкон.
+1
Shamdagai2013
2015-09-17 13:05:32
Ош аэропортунда каймак, кымыз, майларды кээ бир адамдары откорбойт. Откондо мен келе жатканда, кош бойлуумун, колумда жетелеген 2жашар балам бар. Озум кыйналып, жудоп, келе жатсам, бир зоокур жаш эле бала(очкарик), бир литр кымыз бар экенин айтып койдум эле, алып салыныз деп, такыр откорбой койду ХХХ, жалдырасам дагы. Балам ыйлап жатса да, Чемоданымды ачтырып, алдыртты ХХХ. Аябай нааразы болуп келгем, ошол очкарикке.
+2
admin_portal
2015-09-17 13:30:06
Shamdagai2013 - эскертүү!
Порталдын эрежелерине туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болуңуз.
0
Zara_KARA-KULJA
2015-09-17 14:50:54
Кудай сактаптыр
0
emir_muslima
2015-09-17 14:55:32
Кудай сактаптыр.жакшы аман эсен конуп алыптыр
0
Muzik
2015-09-18 16:54:09
Ото начар авиатрафик компаниясы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан