“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын өкүлдөрү Кант шаарынын шайлоочулары менен жолугушту

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын талапкерлеринин кезектеги үгүт кербени Ысык-Ата районунун Кант шаарында уланды. Беш сааттан ашык убакытка созулган жолугушууда билим берүү, мектеп, оорукана, таза суу, бала бакча жана башка маселелер талкууланганын партиянын маалымат кызматы билдирди. 

Шаардын жашоочулары: 

“15-20 жылдан бери бийликтеги мамлекеттик мүмкүнчүлүктү колдоно албаган, иштебеген партиялар дагы шайланып калышса, мандаттарын алар замат бизди дагы унутушат. Алардан айырмаланып “Өнүгүү-Прогресс” партиясы шайлоого чейин эле өлкөбүздүн бардык бурчунда чоң иштерди аткарып келет. Жаш жана күчтүү партия биздин келечегибизге жакшы үмүттөрдү жаратат. Бул биздин акыркы үмүтүбүз. Бул партия биздин райондогу төрөт үйүн оңдоп берген, ушундай партиялар парламенттик шайлоодо утушка жетишин каалайбыз”,- деп билдиришкени айтылды.

Партиянын төрагасы Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө партиянын программасындагы негизги багыттарды камтыган долбоорлорго токтолуп, “Жер, суу, эл” концепциясы жана “Жарык шаар”, “Жарык саясат”, “Жүрөгүңдү сакта”, “Ыңгайлуу дарылануу”, “Калк казына”, “МТС”, “Кыргызстанда жасалды”, “Чет тили”, “Бизнес-план” жана башка ушул сыяктуу долбоорлору жөнүндө маалымат берди. Бала бакча, оорукана, мектептерди куруудан баштап, чоң айылдарга күн коллекторлорун чыгаруучу өндүрүш ишканаларын, агрохолдинг комплекстерин ачууга чейинки долбоорлор партиянын программасында бар экенин айтканы белгиленет маалыматта.

Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан