Баткен облусундагы Кадамжай аймактык ооруканасынын имараты 2011-жылы болгон жер титирөөдөн авариялык абалга келген. Бүгүн, 17-сентябрда мамлекет башчы аталган оорукананын азыркы абалы менен таанышты.
360 миллион сомдук, 150 койкага ылайыкташтырылган оорукананын имаратынын курулушу 2012-жылы апрель айында башталган. 2012-2014-жылдары курулушка 88 миллион сом сарпталып, оорукананын 1-корпусу салынып, чатыры жабылган. 2015-жылы бюджеттен 24 миллион сом каралган. Бүгүнкү күнгө чейин 10 миллион сомдук жумуштар аткарылып, калган 14 миллион сом медициналык эмеректерди сатып алууга каржыланган.
Аймактык оорукана райондун борборунда жайгашкан. Ал 2 шаар жана 13 айыл аймагынан келген жарандарга медициналык жардам көрсөтөт. Райондун аймагында 175 949 киши жашайт. Бардык клиникалык бөлүмдөрдө жалпысынан 477 медициналык кызматкер эмгектенүүдө.