Кыргыз мамлекетинин делегациясы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 30-сессиясына катышууда. Учурда Женева шаарында өтүп жаткан сессия 2-октябрга чейин уланмакчы. ТИМдин билдиришинче, жыйындын жүрүшүндө кыргыз делегациясы соттук реформалардын жүрүшү, 2014-2024-жылдарда калктуу пункттарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча мамлекеттик программаны, 2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегияны ишке ашыруу тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары кыргыз өлкөсүнүн аймагында көмүлгөн радиоактивдүү заттарга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү чаралары жөнүндө айтылды. Делегация мүчөлөрү адам укуктарына тийиштүү башка маселелер боюнча да баяндама жасашары айтылат маалыматта.