
* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы миң чамалуу Өзбекстан ислам кыймылынын согушчандары Кадамжайдын Сырт жана Баткендеги Газ кыштактары багытында чабуул коюшкан. Бир күн мурун алар Кадамжай блокпостуна кол салып, согушчандардын башчыларынын бири Абдулазиз Юлдашевдин өлүмүнө байланыштуу кыргыз аскерлерине каршы кысымын күчөтүшкөн.

* Мындан 11 жыл мурун, 2004-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа - Алайкуу жолунда жүргүнчүлөрдү ташуучу КАвЗ автобусу кырсыкка учурап, автобуста болгон 26 жүргүнчүнүн 19у каза болгон (айдоочу жана анын жардамчысы да бар). Каза болгондордун төртөө жаш балдар. Автобус 25-30 метр бийиктиктеги жолдон сайга кулап түшкөн.

* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы СССРдин Баатыры, генерал-майор
Дайыр Асанов 87 жашында каза болгон.
Дайыр Асанов Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында 1922-жылы 30-майда туулган. 1941-жылы Ата Мекендик согуш башталганда кыргыз жеринен чакырылган 363 миң жарандын ичинде 19 жаштагы Дайыр Асанов да кандуу согушка аттанган. 1943-жылдын мартында Харьковдун чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабындагы кандуу салгылашта Дайыр Асановдун артиллериялык тобу Чугуевск районунун Пятницкое айылында душмандар менен катуу салгылашкан. Дайыр Асанов 8 танкты, 6 бронемашинаны жана 40тан ашуун автоматчыларды жок кылган. Анын бул эрдиги жогору бааланып, 1943-жылдын 26-октябрында ага "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам ыйгарылган. Ал тарыхый Сталинград салгылашуусуна да катышкан.

* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы иран улутундагы Американын жараны, 40 жаштагы
Ануше Ансари космоско учуп, ал жакка барган биринчи турист аял болуп калган.
Космостук туризм 2001-жылы улуту итальян болгон америкалык ишкер Деннис Титонун учушунан башталган. Тито космосто 28-апрелден 6-майга чейин болгон.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы 12 жылдан ашуун чогуу өмүр сүрүп келишкен Орусия эстрадасынын жылдызы, 64 жаштагы Алла Пугачёва менен белгилүү телеалпаруучу, 37 жаштагы
Максим Галкин эгиз балалуу болушкан. Уулун Гарри деп аташса, кызына Елизаветта деген ысым ыйгарышкан.