Өмүрбек Текебаев: “Жалал-Абад - Балыкчы кошумча жолун “Ата Мекендин” квотасы менен келген министр курду”

“Ата Мекен” партиясынын үгүт сапары Түп районунда уланууда. Партия лидери Өмүрбек Текебаевди коштоп талапкерлер: Медеткан Шеримкулов, Садык Шер-Нияз, Аида Салянова, Наталья Никитенко жана башкалар жүрүшкөнүн, “ата мекенчилер" менен алгачкы жолугушууга 3 миңден ашуун эл чогулганын партиянын маалымат кызматы билдирди.

“Ата Мекен” партиясы 2012-жылы жаңы багыттагы демократиялык мамлекетти кура баштады. Ошол жылдагы жетишкен ийгилигибиз мындан ары уланабы же ордунда буйдалып туруп калабы, бул 4-октябрдагы шайлоого байланыштуу. Биз бул шайлоого элдин жашоо-турмушун жакшыртабыз, өлкөгө мыйзамдуулукту орнотобуз деген максатта бара жатабыз”,- деди Өмүрбек Текебаев.

“Ата Мекен” партиясы акыркы 5 жыл ичинде элге берген убадаларынын бир тобун аткарганына токтолуп, мисал катары Жалал-Абад - Балыкчы альтернативдүү унаа жолунун курулушун ишке ашырганын белгиледи.

“Жалал-Абад - Балыкчы альтернативдүү унаа жолун “Ата Мекендин” квотасы менен келген транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов инвестицияларды тартып, жолдун курулушун баштап жиберди. Бул жол бүтсө, Фергана өрөөнүндө жашаган 20 миллиондон ашык калк ушул жол аркылуу Ысык-Көл жергесине эс алганы каттап, көл кылаасынын экономикасына, ошол эле учурда Кыргызстандын экономикасына миллиондогон каражаттарды салып кетет”,- деген Текебаев бул жолду Алматыга чейин улантарын белгиледи.

Торугарт аркылуу өтүүчү темир жол каттамынын курулушу партиянын экинчи долбоору экенин айткан партия лидери буларды кошумчалады: “Бул темир жолдун курулушуна “Ата Мекендин” түздөн-түз тиешеси бар, анткени партия 2000-жылы бул багытта иш алып барган. Демек, долбоордун пайда болушуна биздин партиянын эмгеги зор болгон деп айта алам”.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан