Шайлоо-2015. “Бир бол” Ноокатта: "Жүрөгүбүз дайыма Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл деп бирдей согот!"

17-сентябрда Ош облусунун Ноокат айылындагы стадиондо "Бир бол" партиясынын лидерлеринин шайлоочулар менен жолугушуусу өттү. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, стадионго жык толгон 10 миңден ашуун тургундар партия өкүлдөрүн өзгөчө майрамдык маанайда тосуп алышып, эл алдына партия лидерлери Мыктыбек Абдылдаев, Марат Султанов, Алтынбек Сулайманов, Улугбек Ормонов, Замира Мавлянова, Абдыжапар Бекматов, Каныбек Жакшыбаев, Эрмамат Тагаев, Рустамбек уулу Советбек, Саибжан Турдуев, Шумкарбек Алимбаевдер чыгышты.

Мыктыбек Абдылдаевдин сөзүнүн мазмунун ички жана тышкы коопсуздук маселелерине арнап, негизги маселе - мамлекеттин коопсуздугун сактоо үчүн бюджеттен канча керек болсо, ошончо каражат алып, куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүүгө, кошуналар менен тил табышып, ынтымакта жашоо маселелери “Бир болдун” программасында камтылганын айтты.

"Мен кыргызстандыкмын, жүрөгүм дайыма Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Көл деп согуп турат. Биз бир эненин балдарыбыз, ар бирибиздин жүрөгүбүз ушинтип согушу керек, Кыргызстан үчүн жаныбызды аябай турушубуз керек, башка мекенибиз жок, Кыргызстаныбыз бирөө эле",- деди Абдылдаев.

Алтынбек Сулайманов: “Төрөбай Кулатовдой, Насирдин Исановдой улуу инсандарды берген Ноокат жергесинин кулуну экениме мен сыймыктанам. Биз дайыма алдыда болобуз, ийгиликке жетебиз, жеңип келгенбиз, жеңебиз",- деп "Бир бол" партиясынын жеңишке болгон ишеничи күч экенин билдирди.

Сулайманов учурда элдин тилеги шайлоонун тынч өтүшү экенин белгилеп: "Биздин да үмүт ошондой, кыйыны жеңсин, жеңилгени жеңгенге баа берип, бири-бирин куттуктап, 4-октябрь майрам гана болсо деген тилектебиз",- деди. Талаптар жеңилген тараптарды да ынтымакка чакырарын, бөлүп-жарууга жол бербесин билдиргени айтылды.

"Партиябыздын көч башында генералдар, экономика менен каржыны "чаккан" алдынкы экономисттерибиз, күчтүү юристтерибиз, келечектен үмүттөнткөн жаштарыбыз, мамлекеттик кызматта чоң тажрыйбасы бар талапкерлерибиз турат жана биз мамлекеттин жүгүн моюнубузга алганга даярбыз",- деп кошумчалады Сулайманов. 

Маалыматта белгиленгендей, Марат Султанов убагында көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин жолун улантуучу жаңы муун келгенин, алардын катарында Алтынбек Сулайманов сыяктуу жигиттер бар экенин айтты. "Биз жеңебиз, жеңилгендер капа болбосун, аларга да иш табабыз, эч кимди таштабайбыз, себеби бул жерде сөзүнө турган жигиттер турушат",- деди талапкер.

Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан