Каржы министрлиги республикада жүргүзүлүп жаткан социалдык жана экономикалык реформаларга карата мамлекеттик каржыны башкарууга тийиштүү мыйзамдарды жакшыртуу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Бюджеттик кодекстин долбоору талкууланган коомдук угууда каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик бюджет - экономикага таасир этүүчү эң башкы каражат.
Бюджет мыйзамдарынын негизи болгон “Бюджеттик
укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзам 1998-жылы
кабыл алынган, андан бери 17 жыл аралыгында аталган мыйзамдын 58 беренесинин 5
беренесинен башкасы өзгөрүүгө учураганы айтылды. Бюджет боюнча бардык мыйзам нормаларын
бириктире турган жана эл аралык стандарттарга, республикадагы ар кандай
өзгөрүүлөргө жооп бере турган жаңы кодекстин
долбоорунда бюджеттин ачык-айкындуулугу, туруктуулугу, натыйжалуулугу жана башка нормалар боюнча механизмдер киргизилгенин айтат министр.
Бюджет кодекси кабыл алынса, мамлекеттик бюджет мамилелерине байланыштуу 16 улуттук мыйзамдын жоюлушу күтүлөт. Алардын өзөгү бирдиктүү Бюджет кодексинин өзүндө камтылууда.