Жоомарт Оторбаев: “Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү абдан кылдат ойлонулган чечим болгон”

Кыргызстандын ЕАЭБге кириши өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө өбөлгө түзөт. Бул туурасында “Ата Мекен” партиясынын үгүт кербенинин жүрүшүндө талапкер Жоомарт Оторбаев шайлоочулар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, ал алгач вице-премьер-министр, андан соң
премьер-министр катары өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү боюнча бир топ иш алып баргандыгын белгиледи. Анын пикиринде, бул кадам Кыргызстан үчүн абдан кылдат ойлонулган чечим болгон.

“Өлкө үчүн ЕАЭБ сыяктуу ири уюмдар менен кызматташуу келечектеги жакшы пландардын ишке ашышына шарт түзөт. Бул биринчи кезекте экономикалык өнөктөштүккө эшик ачат”,- дейт ал.

Ошондой эле талапкер Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын экономикасынын максималдык интеграциялык максаттары соода-экономикалык өнөктөштөр аркылуу ишке ашарына, ал эми Орусия жана Казакстан өлкөлөрү биздин негизги өнөктөштөр боло аларына токтолду. Мындан тышкары ал Өзбекстан менен чек ара мамилесин бекемдөө аркылуу өлкөнүн түштүк аймагынын экономикасынын өсүүсүнө шарт түзүлөрүн белгилейт.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан