Кыргыз армиясында мыйзамсыз кызмат өтөп жүргөн өзбекстандык жаран кармалды

Өзбекстандын жараны Кыргызстандагы аскер бөлүктөрүнүн биринде мыйзамсыз кызмат өтөп жүргөндүгү белгилүү болду. УКМК маалымдагандай, ал жаран 1992-жылы туулган өзбек жараны Сардорбек Темиров. Өзбек атуулу 2012-жылдын декабрь айында Жалал-Абад шаардык аскер комиссариатынын мурдагы комиссары Кумарбек Абдраимахуновдун учурунда Таш-Көмүр шаарындагы ӨКМнын аскер бөлүгүнө кызматка чакырылган. Бул факты боюнча 26-февралда Абдраимахуновго карата кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан