Социалдык өнүгүү министрлиги аялдарга карата дискриминациянын бардык түрүн жоюу боюнча иш-чаралар комплексин иштеп чыкты. Муну аталган министрликтин башчысы Кудайберген Базарбаев БУУнун тийиштүү комитетинин өкүлү Далия Лейнарте менен жолугушууда билдиргенин, 21-сентябрда министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
"Комитет Кыргыз Республикасындагы аялдардын укугу боюнча сунуштаган 57 сунуштаманын 39у улуттук иш-аракеттер планында камтылды. Калган 18и башка программалык документтерге жазылды. Өлкөдө, айрыкча айыл жеринде жашаган аялдардын статусун күчөтүү үчүн көп иштер жасалууда. Үч жылдан бери республикалык конференцияларды өткөрүп жатабыз, Айыл жергесиндеги аялдар күнүн түздүк, айылдык айымдардын потенциалын көтөрүүдөбүз",- деди Базарбаев.
БУУнун өкүлү үй-бүлөлүк зомбулукка каршы аталган министрлик иштеп чыккан мыйзамды мактаганы айтылды. "Европалык союздун деңгээлинен караганда да бул жакшы мыйзам. Эки жылдан кийин берилчү отчётто мыйзамдын кабыл алынганын айтарыңарга ишенем. Мындан тышкары биз кыз ала качуу кырдаалын изилдөөнү сунуштайбыз",- деди өкүл.