Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы суу түтүктөрүнүн 60 пайызы оңдоого муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта аталган шаардагы "Суу канал" ишканасынын жетекчисинин орун басары Болот Акматов айтты. Маалым болгондой, бул каналдарды оңдоп-түзөө иштерине жылына 5 миллион сом талап кылынат. "Бүгүн шаарда 176 чакырым суу түтүгү бар. Алар 1958-60-жылдары курулгандыктан, учурда 60-70 пайызы оңдоого муктаж. Жылына бул маселени чечүү үчүн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 5 миллион сом каралат. Ал эми ар бир чакырым түтүктү оңдоого 1 миллион сом сарпталат. Учурда ар кандай долбоорлор менен бул маселени жойгонго аракет кылып жатабыз",- деди Акматов. Айта кетсек, Балыкчы шаарынын калкынын саны - 42 миң.
1. Болот Акматов.