“Ишкерлерди текшерүүчү органдардын саны 21ден 12ге түштү” дейт Темир Сариев

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 21-сентябрда ишкерлердин кесиптик күнүнө арналган майрамдык иш-чарага катышты. Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, Сариев ишкерлерди колдоо үчүн маанилүү иштер жасалып жатканын: мамлекеттин ишкерлик чарбаларга кийлигишүүсү азайып, мамлекеттик тейлөө көрсөтүү 20 миңден 380ге кыскартылганын, текшерүүчү органдардын саны 21ден 12ге түшүрүлүп, лицензиялык ишкердик жүргүзүү түрлөрү 236дан 101ге чейин кыскартылганын билдирди.

"Кыргыз мамлекетинин ишкерликке шарт түзүү боюнча эл аралык рейтингдерде көрсөткүчтөрү жакшырууда. Учурда өлкөбүз ишканаларды ачуу боюнча 9-орунда, курулушка уруксат алуу боюнча абал жакшырды жана насыя алуу мүмкүнчүлүгү боюнча, салыктык төлөмдөрдү азайтууга карата көрсөткүчтөр жогорулады”,- дейт Темир Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан