Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрүнө мамлекеттик мүлктү жеке менчикке сатуу боюнча өкмөттүн 3 жылдык планы тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлк саясаты башкармалыгынын башчысы Нурбек Үмөталиев менен Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылганын 21-сентябрда министрликтен билдиришти. "Жолугушууда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жыл аягына чейин Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген программасына ылайык мамлекеттик мүлктү менчикке чыгарууга даярдык көрүү иштери тууралуу да маалымат берилди",- деп билдирет мекеме.
Эскерте кетсек, өкмөт быйыл 17 мамлекеттик мүлктүн үлүшүн жеке менчикке сатууну демилгелеп, сунуш парламенттен 29-июнда колдоо тапкан. Сатылчу мүлктөрдүн эң ириси - 100 пайыз мамлекеттин үлүшүнөн турган "Альфа Телеком" ("MegaCom") компаниясы.