Кыргыз мамлекетинин ишкерлери өлкөдө товарларын азыркыдай талаптар боюнча сатуусуна 2016-жылдын башына чейин убакыт берилет, андан кийин ЕАЭБдин талаптары күчүнө кирет. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Экономика министрлиги билдирди.
Маалыматка таянсак, өлкөнүн ЕАЭБге кириши менен өлкө аймагында аталган уюмдун техникалык регламенти иштеп баштаган, бирок муну менен кошо 6 айлык өткөөл мезгил киргизилген. Бул аралыкта ишкерлер товарларын мурункудай тартипте алып-сата алышат. ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөргө товар чыгарууда уюмдун техникалык регламенти гана иштейт.
Жакында министрликке караштуу Метрология жана стандартташтыруу борборунун өкүлдөрү менен айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр жана сатуучулардын жолугушуусу өтүп, Бажы союзунун бир катар талаптары талкууланганы айтылды.