"Ош электр" ишканасы быйылкы жылдын 8 айында абоненттердин карызын өндүрүү үчүн сотко 1269 доо арыз жиберген. Арыздарда 50,6 миллион сом өндүрүү каралганын 21-сентябрда Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Сот 505 ишти мамлекеттик ишкананын пайдасына чечип, 16,4 миллион сом өндүрүүгө жол ачылган. Бүгүнкү күнгө карата компаниянын кассасына 7,3 миллион сом төгүлгөнү айтылды. Ишкананын юридикалык кызматы электр энергиясын уурдоо боюнча сот жана укук коргоо органдарына 284 материалды өткөрүп берсе, мунун 44ү компаниянын пайдасына чечилген. Бул боюнча 1,5 миллион сом төлөтүү чечими чыгып, кассага 17 891 сому гана төгүлгөнү айтылат маалыматта.