Орусиянын Воронеж облусунда кыргыз баатыры Чолпонбай Түлөбердиев эскерилди

Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчиси Болот Жунусов 19-сентябрда Воронеж облусунда болуп, аталган аймактын жетекчиси менен эки тараптуу экономикалык, маданий кызматташтыкты талкуулады. Элчиликтин билдиришинче, жолугушуудан кийин элчи аймактагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана Орусиянын Коргоо министрлигинин Ю.Гагарин, Н.Жуковский атындагы Аба-аскердик академиясында окуган мамлекетибиздин жарандары менен жолугушту. 
"Делегация 20-сентябрда жергиликтүү администрация өкүлдөрү менен чогуу Лиски шаарында жана Селявное айылында Советтер Союзунун Баатыры, Улуу Ата Мекендик согушта көз жумган Чолпонбай Түлөбердиевдин элесине арналган иш-чарага катышты",- деп билдирет элчилик. 

 

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан