СДПК чек арага жакын аймактарды бекемдөө иштерин улантууда

СДПКдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдыманап Кутушев бүгүн, 21-сентябрда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Мык айылынын тургундары менен жолугушту. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууда талапкер акыркы 5 жылда чек арага жакын аймактарды бекемдөө боюнча чоң иштер жасалганын белгиледи. 
"Бөжөй-Сөгөт, Баткен - Айгүл-Таш - Согмент - Кыштуут, Баткен - Кадамжай - Ош, Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык, Рават - Ак-Сай унаа жолдору курулууда. Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там, Сары-Таш - Кара-Мык унаа жолдору Тажикстандын чек арасына чейин жаңыланды",- деди Кутушев. 
Мындан тышкары талапкер Алай району аркылуу Кытайга өтүүчү газ түтүктөрүн куруу боюнча кытайлык инвесторлор менен келишим түзүлгөнүн, транзит үчүн Кыргызстан 2 миллиард доллардан ашык киреше алып, муну менен элдин жашоосу жакшырарын кошумчалады. "Бардык позитивдүү өзгөрүүлөргө туруктуулуктун орнотулушу жана сакталышы менен жеттик, бул үчүн СДПКнын салымы зор. Эми алдыбызда дагы бир тапшырма - экономиканы жаңы деңгээлге көтөрүү, президент тарабынан демилгеленген Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясын ийгиликтүү ишке ашыруу милдети турат",- деди талапкер. 
Жергиликтүү тургундар өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги фактор туруктуулукту сактоо экенин белгилешкени айтылды.
Партиянын маалымат кызматы жергиликтүү аксакалдар: "Билебиз, көйгөйлөр дагы деле көп. Аларды чечүүгө убакыт керек. СДПК башталган долбоорлорду аягына чыгарышы зарыл. Шайлоонун жыйынтыгы кандай болгон күндө да кыргыз жериндеги туруктуулукту сактап калууну айтып бардык саясий күчтөргө кайрылабыз",- деп айтышканын маалымдады. 

Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан