Шайлоо-2015: "Бир бол" элди профессионалдар командасына добуш берүүгө чакырды

20-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылынын борбордук аянтында "Бир бол" партиясынын лидерлери жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Эл алдына Алтынбек Сулайманов, Абдыжапар Бекматов, Мамасадык Бакиров, Дүйшөн Төрөкулов, Абдиназир Чамашов, Канатбек Сыдыковдор чыгып сөз сүйлөшкөнүн партиянын маалымат кызматынан билдиришти.

Алтынбек Сулайманов Кара-Суу району Кыргызстандагы эң чоң район экенин, чыгаан уул-кыздары бар райондун уучу куру эместигин белгилеп: “Бир болдун” катарына ар түрдүү көз караштагы инсандар чогулган, бирок баарынын ой-максаты бир, ал - Кыргызстандын эртеңки келечеги. Бизге жашоо-турмушту алдыга жылдыра ала турган инсандар келсе экен, бизге жакшы шарттарды түзүп бере ала турган инсандар келсе деген баарыбыздын бир гана тилегибиз бар",- деп билдирди.

"Бир бол" партиясында бийликти колго алып жүргүзө ала турган татыктуу, профессионал кадрлар жетиштүү экенин жана эң негизгиси партия мамлекет тагдыры үчүн жоопкерчиликти алууга даяр экенин кошумчалады Сулайманов.

Абдыжапар Бекматов шайлоодогу жаңы технологиялар, айрым эреже бузуулар тууралуу кеп кылды. Талапкер тууганчылыкка карабай, кошоматтан алыс болуп, жыйынтыктарды бурмалабай, чыныгы элдин тандоосу болгон талапкерлерди шайлаганда гана элдик бийлик болорун белгиледи. "Акимдерди эл шайласа, алар жогорку турган бийликке жагынуу аракетин кылбай, элге кызмат өтөөгө аракет жумшайт",- деди Бекматов.

"Биз 5 жыл ичинде жумушсуздукту 3 эсе азайтабыз, ички дүң продукцияны 2 эсе көбөйтөбүз. Салыктын 8 түрүн 2ге чейин кыскартабыз, пенсиянын орто эсебин 2 эсе көтөрөбүз",- деген Мамасадык Бакиров "Бир бол" партиясы бийликке келери менен кечиктирбестен реформаларды баштай турганын айтты.

Сөзүнүн соңунда лидерлер тургундарды профессионалдар командасына, эл уулдарына, журт кызыкчылыгына иштей турган "Бир бол" партиясына добуш берүүгө чакырганы айтылат маалыматта. 

Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан