Президент менен Эрлан Абдылдаев өлкөнүн тышкы саясатын талкуулашты

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 21-сентябрда жолугушуп, ТИМдин азыркы ишин, тышкы саясаттагы пландарын талкуулашты. Министр президентке жакында БУУнун Башкы ассамблеясынын 70-мааракелик сессиясына кыргыз делегациясынын катышары, башка делегациялардын башчылары менен пландалган жолугушуулары тууралуу маалымат берди. 
Кытай, Иран, Казакстан жана Тажикстандагы расмий иш сапарларда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу жөнүндө да сүйлөшүү жүргөнүн билдирет президенттик аппарат. "Президент достукту бекемдөө жана кызматташтыкты өнүктүрүү иштери улуттук жана экономикалык кызыкчылыкты коргогон шартта гана ишке ашуусу керектигин белгиледи",- деп айтылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан