Алмазбек Атамбаев Башкортостандын президенти Рустэм Хамитовду кабыл алды

21-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Башкортстандын президенти Рустэм Хамитовду, Орусиянын Новосибирск, Оренбург, Саратов облустарынын губернаторлору жана Орусиянын президентинин Чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Владимир Черновду кабыл алды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы Орусиянын аймактарынын ортосундагы түз байланыштарды жөнгө салуу жана кеңейтүү, өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусунун шартында түрдүү тармактарда конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууну өнүктүрүү жолдору талкууланды.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы тыгыз кызматташуу кыргыз-орусиялык көп пландуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыты жана эки тараптуу өз ара аракеттенишүү комплексинин маанилүү бөлүгү болуп саналарын белгиледи.

Белгилей кетсек, орусиялык жетекчилер Бишкекке кыргыз-орусиялык аймактар аралык 4-конференцияга катышуу үчүн келишкен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан