Парламенттик шайлоодо коопсуздукту камсыздоо маселеси Баткенде талкууланды

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 21-сентябрда Баткендеги "Коргон" чек ара заставасында, Зардалы, Бужум айылдарында болду жана шайлоо мезгилинде тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча Координациялык кеңештин жыйынына катышты. Маматалиев өкмөттүн негизги милдеттеринин бири чек арага жакын аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө тийиштүү шарт түзүү экенин белгилейт. Өкмөттүк аппараттын билдиришинче, вице-премьер жыйында буларды айтты:
"Өкмөт айыл чарбасын, кайра иштетүүнү, транспорт тармагын, жаш адистерге социалдык турак жайларды куруу, тышкы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча маанилүү чечимдерди кабыл алууну баштады. Тургундар жана аскер кызматкерлери Чек ара кызматынын потенциалын көтөрүү, жаңы чек ара постторун орнотуу, инфраструктураны жакшыртуу боюнча жасалып жаткан иштерди көрүшүүдө".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан