Бүгүн, 4-мартта саат 12:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылды. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда кар көчкүнүн көлөмү такталууда. Ал эми жолду тазалоо ишин учурда 1 жүк жүктөгүч техника аткарууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.