Ишкерлерге Бажы биримдигинин шартында сертификат алуу шарты түшүндүрүлдү

Экономика министрлигине караштуу Метрология жана стандартташтыруу борбору 21-сентябрда
турмуш-тиричилик техникаларын өндүрүүчүлөргө жана сатуучуларга семинар өткөрдү. Жыйында Кыргыз Республикасынын аймагында Бажы биримдигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча түшүндүрмө берилгенин билдирет министрлик. Эксперттер Бажы биримдигинин техникалык регламентиндеги: "Төмөнкү кубаттуулуктагы жабдуулардын коопсуздугу", "Машина жана жабдуунун коопсуздугу", "Техникалык каражаттардын электромагниттик мүмкүнчүлүгү", "Газ менен иштөөчү жабдуулардын коопсуздугу" деген пункттар боюнча түшүндүрмө беришкени айтылды.
"Катышуучулар Бажы биримдигине ылайык декларацияларды жана шайкештик сертификаттарын алуу эрежелерин үйрөнүштү",- деп айтылат маалыматта.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан