Тышкы иштер министрлиги: "Алматыдагы кыргыздардын шайлоого активдүү катышары байкалууда"

Алматы шаарындагы кыргыздардын 4-октябрдагы парламенттик шайлоого активдүү катышары байкалууда. Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, акыркы аптада Алматыдагы Башкы консулдуктун кызматкерлери жарандардын биометрикалык маалыматын жер-жерлерди кыдырып чогултушту. Анда өздүк маалыматын тапшырып, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууну каалаган жарандардын саны арбыганы белгилүү болгон. "Жарандардын көптүгүн эске алуу менен жарандарды шайлоочулардын тизмесине кошуу боюнча арыздарды кабыл алуу иши акыркы сааттарга чейин тынымсыз уланды",- деп билдирет ТИМ. 
Эскерте кетсек, шайлоо 4-октябрда өтөт, ага 14 партия ат салышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан