Садык Шер-Нияз: “Материалдык байлыкты руханий байлыктан жогору койгон улут өнүгө албайт”

“Ата Мекендин” Жумгал районунда эл менен жолугушуусу жакшы өттү. 10 миңдей адам партиянын лидери Өмүрбек Текебаевди, анын тарапташтарын угуу үчүн келип, тургундардын өлкө келечегине, экономиканы өнүктүрүүгө, алдыда боло турган добуш берүү процессине байланышкан суроолору көп болгондуктан, жолугушуу убактысы узакка созулганын партиянын маалымат кызматы билдирди.

Шайлоочулар менен жолугушууда Садык Шер-Нияз кыргыз элинин руханий байлыгы, маданиятынын бүгүнкү абалы тууралуу кеп кылды.

“Биз бийликке көптөгөн нааразычылыктарыбызды айтып жатабыз, бирок бул нааразычылыктар жүйөлүү. Анткени татыктуу каржылоо жок, маданиятыбызды өнүктүрүүгө эч кандай шарттар түзүлгөн эмес. Бара-бара ар кимибиз өзүбүзгө да нааразы боло турган учур келе жаткандай. Биздин балдарыбыз азыр “Айфон” деген эмне экенин жакшы билип, Чыңгыз Айтматов ким экенин билбегени жалганбы?”- деди Шер-Нияз.

Талапкер белгилегендей, материалдык байлыкты руханий байлыктан жогору койгон улут өнүгө албайт.

Кинематографияда “кыргыз кереметин” кайрадан жараткан Садык Шер-Нияз канчалык ачуу болбосун, бул чындыкты бетке айтууга белсенгени айтылат маалыматта.

Мындан тышкары “Ата Мекен” партиясы социалдык жоопкерчилигин сезген мамлекетти курууну колдой турганын белгилеп, ар ким өз алдынча болгон өлкө эч качан гүлдөп-өнүгө албасын, ал эми мыйзамдуулук, теңчилик, адилеттүүлүк – бардыгы ушул эрежелерге баш ийиши зарылдыгын баса белгиледи.

Шайлоочуларга кайрылып: “Ушул принциптер сиздерге жакын болсо, шайлоо участогуна келип “Ата Мекен” партиясына добуш бериңиздер. Биз сиздер менен биргеликте Кыргызстанды дүйнөдөгү эң ажайып өлкөгө айландырабыз”,- деди Садык Шер-Нияз.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан