"Борбор Азиядагы Америка университетинин мурунку имараты Жогорку Сотко берилди" деди Жамашева

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева 2012-2015-жылдар аралыгында аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Ал өз сөзүндө өлкөдөгү сот тутумунун инфраструктурасындагы өзгөрүүлөргө токтолду.

"Ош шаардык сотунун имараты начар абалда болуп жаткан. Бизге жаңы имарат берилип, оңдоо иштери жүрүүдө. Бир айда жаңы имаратка көчүп келет. Жалал-Абад облустук жана шаардык соту бир имаратта отурат. Соттук иштер каралып жаткан имарат да жетишсиз болуп жаткан. Алай райондук сотунун имараты да жараксыз абалда эле, Баткен райондук сотунун имаратын оңдоо иштери бүткөнү калды. Азыркы мезгилде Таласта да шарттар түзүлүүдө. Негизи, ар бир облуста сот тутумунун имаратын, сот залдарын оңдоо аракеттери жүрүүдө. 

Жогорку Сотко да жаңы имарат берилди. Борбордук Азиядагы Америка университетинин мурунку имараты Жогорку Сотко берилди. Андан тышкары Жогорку Соттун астындагы Судьяларды окутуу борборлоруна да жаңы имарат берилгени жатат. Ошондой эле сот тутумунда "Адилет сот" деген мекеме түзүлдү. Ал сотторду жаңы инновациялык технологияларды колдонууга үйрөтүүчү мекеме катары ачылды",- деди Жамашева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан