Бишкекте бүгүн, 22-сентябрда өкмөткө караштуу Коррупцияга каршы кеңештин биринчи кеңейтилген жыйыны өттү. Жыйында Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Бишкектеги борборунун башчысы Сергей Капинос коррупция менен күрөшүүдө жарандык коомдун ролу тууралуу пикир айтты.
"Жарандык коом коррупция менен күрөшүүдө зор мааниге ээ, бул нерсе өлкөнүн коррупцияга каршы бардык стратегияларында белгиленүүдө. Бирок мамлекет менен жарандык коомдун кызматташтык механизмдерин иштеп чыгууда жана аткарууда бул нерсе ойдогудай болбой жатат. Бул жааттан караганда, Коррупцияга каршы кеңеш коррупция менен күрөшүүнүн эффективдүү формасы болушу мүмкүн. Анткени мында эки тараптын: мамлекет жетекчилиги жана жарандык коомдун кызыкчылыгы бар",- дейт Капинос.
Борбор мындан ары да коррупция менен күрөшүүдө өкмөткө жардамдашары айтылганын өкмөттүк аппараттан билдиришти.