Экономика министри: “Буга чейин ветеринардык тармакка каражат жетиштүү бөлүнчү эмес”

“Буга чейин ветеринардык тармакка каражат жетиштүү бөлүнчү эмес”. Мындай пикирди бүгүн, 22-сентябрда Бишкекте өткөн кыргыз-орусиялык биргелешкен конференциясында КРнын Экономика министри Олег Панкратов билдирди. Анын айтымында, мунун кесепетинен кыргыз жергеси учурдагы интеграциялык биримдиктеги өнөктөштөрүнөн артта калды.

“Ветеринардык тармакты жакшыртуу үчүн Орусия бизге 200 миллион доллар бөлдү. Аталган каражат этап-этабы менен келүүдө. Биринчи которулган акча чек арадагы өткөрүү пункттарын жабдуу үчүн жумшалып, өз учурунда кыргыз-казак чек арасынан бажы посту алынды. Бишкек жана Ош шаарларындагы атайын лабораториялар модернизациядан өттү. Кийинки каражаттар текшерүүчү лабораторияларды жабдууга жана инфраструктураны жакшыртууга жумшалат”,- деди министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан