ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте "Тазалык" ишканасынын унаасы өрттөнгөн бойдон жолдун ортосунда жүрүп баратты

Бүгүн, 22-сентябрда саат 13:30 чамасында Бишкектеги Манас жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде "Тазалык" ишканасынын унаасы өрттөнгөн бойдон жолдун ортосунда жүрүп баратты. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhattsApp аркылуу кабарлады.
"Өрттү токтотуу үчүн айдоочу таштандыларды жолдун четине төккөнгө аргасыз болду. Өрттүн чыгып кетишине тамекинин калдыктары себеп болушу мүмкүн", - деген оюн айтат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
a.m.akmoldoev
2015-09-22 14:57:42
Кудай сакта
-1
Abdurahman
2015-09-22 15:09:23
Кинодогудай болуптур да. Аябай тутун каптаса керек ошол аймакты
+1
AZIK01
2015-09-22 15:17:49
Мына сага кызык. Кайдыгерлик...
Эч тартип жок. Катураак мамиле жасаш керек.
+2
munara.11.
2015-09-22 15:57:46
смартфонду ушул алат
-6
aiba_00
2015-09-22 15:57:51
Иий орт катуу болуп кеткен го, бир аз болгондо машина жарылып кетсе эмне болот эле.
-2
deva
2015-09-22 16:03:24
Эмне жаңылык окубайын астынан "смартфонду ушул алат" деген коммент окуйм, хи-хи... Кимиси алса да андан жалаң жакшы жаңылыктарды угуп турсун
+5
bolotbai
2015-09-22 19:57:47
Оздору орттоп анан тартышса керек да,смартфонду утуп алсак сатып жиберип акчасын тен болуп алабыз деп.Адамдардын колунан нелер келбейт.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан