Орусиядагы кыргыз мигранттарынын абалы кыйла жакшырды. Мындай пикирди президент Алмазбек Атамбаев 22-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-орусиялык биргелешкен конференциясынын катышуучуларына жасаган кайрылуусунда билдирди.
"Кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдикке кошулду. Уюмдун толук укуктуу мүчөсү катары жасалган алгачкы кадамдар туура чечим кабыл алынганын ырастап турат. Биздин өндүрүшчүлөрүбүз үчүн продукциясын сатып өткөрүүнүн жаңы рыноктору ачылып, экономикабыздын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Бир айдын ичинде бажы төлөмдөрү көбөйдү жана ишкерлердин ишмердүүлүгү кыйла жанданганы байкалды. Жакынкы аралыкта биз интеграциянын жана эки тараптуу мамилелердин чыңдалганынын реалдуу жыйынтыктарын көрөбүз",- дейт мамлекет башчы.
Кыргыз өлкөсүнүн алгачкы кадамдары жана пландары орусиялык бизнестин кыргыз жеринде иштеши үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады президент.