Беларуста Марат Бакиевдин үйүнүн сүрөттөрү жарыяланды (фото)

Беларустук журналисттер Минскке жакын жердеги Раубичи элиталык кыштагындагы Марат Бакиевдин үйүнүн сүрөттөрүн жарыялашты. Маалыматта аталган айылда Интерполдун “кара тизмесине” кирип, эл аралык издөөдө жүргөн бир катар адамдар жашаары, Курманбек Бакиев Минск шаарындагы жалаң чиновниктер жашаган Веснинка кичи районунда турары, ал эми анын балдары Раубичидеги үйдү тандашканы айтылат. 

Раубичидеги Марат Бакиевдин үйү жайгашкан жер тилкесинин баасы эле 50 миң долларды түзгөнү айтылды. Үйдүн короосуна балдар аянтчасы курулуп, бадалдар жана көк чөп дайыма тегизделип, жакшы каралат. Буга чейин Бакиевдердин үй-бүлөсү "Плавно" аттуу элиталык мейманканада жашап келишкени маалымдалган. 

КРнын Башкы прокуратурасы жарыяланган сүрөттөргө байланыштуу маалыматты тактоо үчүн Беларустун прокуратура органдарына атайын кат жолдогону айтылды.  

Бакиевдин баласынын үйүн көргүлө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан