Аида Касымалиева: "Социалдык коргоо - СДПКнын өзгөчө көңүл буруучу багыты"

СДПКдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Аида Касымалиева менен Айнуру Алтыбаева Ош шаарынын лидер айымдары менен жолугушту. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууда аялдардын укугун коргоо, алардын бийликтеги ролу тууралуу пикир алышуу болду. 
"СДПК социалдык тармакка багытталган партия бойдон калууда жана аялдардын укугун коргоо менин парламенттеги ишимдин негизин түзөт. Беш жылда көп иштер жасалды, көбүн дагы улантуу керек. Жаш саясатчы катары үстүнөн иштей турган маселелерди аныктап алам. Биз баарын көз ачып жумганча жакшы жагына өзгөртүп жиберебиз деген популисттик билдирүүлөрдөн алысмын. Бирок ийгиликке жетүү, чечкиндүү кадамдарды жасай аларыбызга ишеним бар",- деди Аида Касымалиева. 
Талапкер Айнуру Алтыбаева партиянын тизмесинде 30дан ашык аял бар экенин белгиледи. "Биздин ар бирибиз, айрыкча айыл жериндеги аялдардын, балдардын көйгөйлөрүн жакшы билебиз. СДПК өзүнүн саясий платформасында экономикалык ыргакты өстүрүү боюнча бир катар чараларды сунуштап жатат. Күчтүү экономика кыргызстандыктардын, биринчи кезекте аялдардын татыктуу жашоосун камсыз кылат",- деди Алтыбаева. 

Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан