Жылнаама, 23-сентябрь: Мындан 12 жыл мурун “Биринчи мугалим” тасмасы үчүн орусиялык кинорежиссёр Андрей Кончаловскийге “Данакер” сыйлыгы тапшырылган

* Мындан 92 жыл мурун, 1923-жылы акын жана котормочу Түмөнбай Байзаков Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бөкөй айылында туулган. Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайында окуп жаткан жеринен Грозный шаарындагы аскердик окуу жайына жөнөтүлгөн. Андан согушка кирип, оор жарадар болуп өз жерине кайтып келген. Айылдарда мугалим болуп иштеген. Кийин КМУнун филология факультетинен адистикке ээ болгон. Сузактагы райондук гезитте редактор, Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык мектепте окутуучу, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи, кыргыз адабияты боюнча Москвада адабий кеңешчи, "Кыргызмамбас" системинде түркүн кызматтарда иштеген. 
1946-жылдан баштап ырлары чыга баштаган. Анын "Паризат" аттуу ырлар жыйнагы 1958-жылы жарык көргөн. Кийин анын көптөгөн ырлар жыйнагы кыргыз жана орус тилдеринде, котормолору өзүнчө китеп болуп чыккан. Барпы Алыкуловдун ырларын жыйноодо акындын чоң салымы бар. 
Ал А.А.Фадеев атындагы адабий сыйлыкка ээ болгон. Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, көптөгөн медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 
1993-жылы 70 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.
 
* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы кыргыз өлкөсүнүн туңгуч президенти Аскар Акаев “Биринчи мугалим” тасмасы үчүн орусиялык кинорежиссёр Андрей Кончаловскийге “Данакер” сыйлыгын тапшырган. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде 1965-жылы тартылган 102 мү­нөттүк “Биринчи мугалим” фильми 1923-жылдагы кыргыз элинин алыскы айылдарынын биринде болуп өткөн окуяны камтыган.
* Мындан 72 жыл мурун, 1943-жылы белгилүү испаниялык ырчы, Энрике Иглесиастын атасы Хулио Иглесиас Испаниянын Мадрид шаарында туулган. Ал 300 миллиондон ашык пластинкасын сатып, испан ырчыларынын эң ийгиликтүүсү катары тарыхта калган. Анын көпчүлүк ырлары испан тилинде болгон. Ошондой эле анын репертуарында итальянча, япон, немец, иврит жана башка тилдердеги ырлар да болгон. Хулио Иглесиас "Евровидение" сынагына катышып, "Грэмми" сыйлыгына арзыган.
* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы "Яндекс" сайты ишке киришкен. Сайтты ачуу идеясы башкы директор Аркадий Воложго таандык. Идея 1993-жылы жаралган, бирок материалдык жактан аксап, ишке ашыра албай келген. 1997-жылы долбоорун кылдаттык менен иштеп чыгып, расмий түрдө ачык деп жарыялаган. 
Сайттын негизги өзгөчөлүгү – андагы маалыматтар изилденип, тастыкталып, анан киргизилгени. Сайт орус, англис, беларусь, татар, украин, казак тилдеринде маалымат берет. "Яндекс" деген аталышка ар кандай түшүндүрмө берсе болот. Мисалы: "Yet another indexer" ("Дагы бир индексатор") же "Языковой iNDEX" ("Тил индекси"). 
"Яндекс" дүйнө жүзүндөгү эң чоң маалымат издөөчү сайттардын жетинчиси деп саналат. Башкы кеңсеси Москва шаарында орун алган. Мындан тышкары Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Одесса, Симферополь жана Киев шаарларында атайын кеңселери бар. 2008-жылы АКШ­нын Калифорния штатына "Yandex Labs" деген аталышта филиал ачышкан. 
23-сентябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан